Балбак Түлөбаев: «Кумтөрдүн» 19 тонна алтынынан түшкөн 1 миллиард доллар каякта?»

Депутат Балбак Түлөбаев комитет жыйында «Кумтөрдөн» былтыр казып алынган алтын тууралуу сурады.

«Кумтөр былтыр 19 тонна алтын казып алды. Казып алган соң, Кара-Балтага жиберди. Кара-Балтадагы завод аны эл аралык стандартка тууралап, Улуттук банкка сатты. Улуттук банк сом менен алтынды сатып алды. Силер акчаны «Кыргыз алтынга» которуп жаттыңар да туурабы? «Кыргыз алтын» 1 миллиард долларды каякка койду? «Кыргыз алтын» кайра Кумтөргө керектүү нерселерин сатып алат да. Мен билем, 1 миллиард доллар толугу менен мамлекетке берилбейт. Кумтөрдүн чыгымдары бар да. Ошону айтып бербейсиңерби», — деп сурады ал.