«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго каршы мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалып, кийин камакка алынды. Бул окуя боюнча анын кесиптештери кандай пикирде?
Депутат Балбак Түлөбаев өтө өкүнүчтүү окуя болгонун айтты. «Ал киши Кыргызстанда беделдүү, белгилүү саясатчылардын бири. Мадумаров бул өзүнчө бир феномен. Анын басып өткөн жолу, кылган кызматы тагдырын жасайт экен. Ошонун негизинде ал азыр жооп берип жатат. Мадумаров түрмөдөн дагы күчтүү, тажрыйбалуу чыгат деген ойдомун. Ал келечектеги саясатка сөзсүз катышат. Ал жактан сынып чыгат деген жаңылыштык. Бул жактагы айрым кесиптештерим саясатта болбой калышыбыз мүмкүн, бирок Мадумаровду алыстата албайсыңар. Мен анын көп пикирин колдобойм, аны мен бетине эле айтып келгем. Азыр деле колдобойм, бирок саясатта бар экенин моюнга алыш керек. Мадумаров чыккынчы эмес, Кудайды караш керек», — деди ал.