Балбак Түлөбаев: «Мага «пахтакор» деген ат коюшту. Эл кандай ат койсо, ошого татыктуубуз»

«Президенттин өкмөтүн коргоп жатып, мага «пахтакор» деген ат коюшту», — деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев. Бирок ал бул сөзгө терикпей турганын айтты.

«Терикпейм, эл кандай ат койсо, ошого татыктуубуз. Эми дайындалгандар шайлангандарды сындайбы? Президенттин жанындагы кадрлар президентке зыянын тийгизе башташты. Ошолор башкаларга көрөңгө болот. Аларды иштен айдаш керек», — деди ал.

Ал мындан тышкары, депутат Акылбек Түмөнбаевдин айтканын колдорун билдирип, президент айланасын тазалашы керектигин айтты.