Балбак Түлөбаев: «Мен мэр болуп турганда эртең мененки 7ден түнкү 1ге чейин иштечүмүн»

Аптанын башында 2 министр бошотулуп, 2 министр өз арызы менен кызматтан кетти. Бул окуя жалпы Министрлер кабинетине көлөкө түшүрбөйт койбойт. Кийинки аптада Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинетин башкарып жатканына толук бир жыл болот. Буга байланыштуу депутаттардын өкмөткө берген баасын сурадык.

Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, уурулар кетиши керек. «Ким уурдаса, кайсы өкмөт мүчөсү болсо да кетиши керек. Элдин ырыскысына кол салгандар, иштей албагандар кетиши керек. 4 министрдин кандай экенин карасаңар. Менин «өлкө үчүн» деген принцибим бар. Мамлекет аларга акча берип жатат. Иш бөлмө берип жатат. Унаа берип жатат, иште да. 

Ал эми маданият министри боюнча «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бир нерсе бар окшойт» деп калдым. Менин жеке оюм. Жөн эле эч кимди кетирбейт. Министрди кетирген оңой деп жатасыңарбы? Өкмөттө иш көп. Мен мэр болуп турган мезгилде эртең мененки саат 7ден түнкү 1ге чейин иштечүмүн. Тынбай иштечүмүн. Робот болуп каласың. Акылбек Жапаровдун ишине канааттандырарлык деген баа берем», — деди ал.