Балбак Түлөбаев: «Президент, өкмөт баарын жасап, бирок алдындагылар саботаж кылып жатат»

Өкмөт бар, президент бар, баары ордунда иштеп жатат. Бирок өкмөт борбордук бийликти реформалап бүттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

«Жергиликтүү бийлик өз ишин кылган жок. Аким, губернаторлор иштеген жок. Бүт баары депутаттарга келип жатат. Же губернаторлук институтту жок кылыш керек же акимдикти. Аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийлик иштебей калды. Кээ бир жерде иштеп жатат. Алар келген жок бизге. Элдин айтканын укпай, керең болуп калды. Аким менен губернаторлор иштебей, кээ бир министрликтер да кулак салбай жатат. Президен менен өкмөттүн ою жакшы, баарын кылып жатат, бирок алдындагылар саботаж кылышууда», — деди ал.