Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл мектептерде балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана реакция кылуу боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева кечээ, 1-майда  президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери менен балдардын арасындагы мыйзам бузуулар, ата-энелердин жоопкерчилиги жана жашы жете электердин арасында зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешме жүрүшүндө акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында мектептеги зомбулук жөнүндө маалыматтар көбөйгөнү белгиленди. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына жана министрликтерине  мындай окуялардын алдын алуу жана аярлуу учурлар аныкталганда  балага эрте жардам берүүнүн алгоритмин жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын жана ата-энелердин арасында туруктуу түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектептен тышкаркы уюмдарга балдардын ийримдерине жана спорттук секцияларга тартуу, мектепте смартфон колдонууга тыюу салуу маселесин иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди. Кеңешменин жыйынтыгында иш тобун түзүү, ошондой эле жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын жакшыртуу боюнча биргелешкен Планды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.