Балдарды коргоо күнү. Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугуп, белек берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жапаров балдарга өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөрүн айтып берген. Мамлекет башчысы балдар менен жылуу атмосферада баарлашып, окуулары тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Президенттин администрациясынын структурасында балдарды социалдык жактан коргоо боюнча ишти күчөтүү максатында атайын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту түзүлгөнүн маалымдады.

Садыр Жапаров бардык мамлекеттик структураларды, алардын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын балдардын катышуусу менен «ачык эшик күндөрүн» өткөрүүгө жана бардык жарандар үчүн дайыма жеткиликтүү болууга чакырды. Жолугушууга келген балдар мамлекет башчысына алдыдагы жайкы каникулдагы пландары, жакшы көргөн сабактары жана мектептеги окуулары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, өздөрүнүн жеке суроолорун узатышты. Жылуу атмосферада өткөн баарлашуудан соң Садыр Жапаров балдарды дагы бир ирет майрамы менен куттуктап, аларга белектерин тапшырды.