Депутат Балбак Түлөбаев өлүм жазасын кайтарууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, аймактарда балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча тергөө иштери көбүнчө тараптар жарашкандан кийин аяктайт. «Милицияга, сотко жетпей калган учурлар көп. Жада калса участкалык милиция кызматкери өзү да кийлигишип, тараптарды ынтымакка чакырган учурлар болот. Катуу көзөмөл керек. Тараптарды жараштырууга аракет кылган ички иштер органдарынын кызматкеринин жоопкерчилиги тууралуу беренени киргизүү зарыл. Балдарга каршы кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайра алып келиш керек. Биз аларга каршы зордук-зомбулукту ушундай жол менен гана токтото алабыз», — деди ал.
Балбак Түлөбаев ошондой эле мигранттардын балдарына жакындарынын камкордугун мыйзамдаштырууну сунуштады. «Ата-энелер балдарын туугандарына таштап, иштегени кетип жатышат. Чоң энелер, чоң аталар — кимдир бирөө жоопкерчиликти өзүнө алып, камкорчулукту уюштуруу керек. Канчалаган мигранттардын балдары катуу токмок жеп ооруканага түшүп жатышат. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек», — деп кошумчалады ал.












