Балыкчы-Кочкор темир жолунун 1 чакырым темир жолу салынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Нарын жана Ысык-Көл облустарына жумушчу сапарынын алкагында күз-кыш мезгилине карай даярдыктын жана жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде Бакыт Төрөбаев «Шарбон» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен жолугушту, алар көйгөйлүү маселелерди ортого салды. Анын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мамлекеттик органдарга көмүр ишканалары көтөргөн маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Андан соң Бакыт Төрөбаев Балыкчы шаарындагы отун базасында жеке ташуучулар менен жолугушту. Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары алардын көйгөйлөрүн угуп, алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүдө көмүр ташуучулардын ролу чоң экенин белгилеп, мамлекеттик органдарга жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына ташуучулар тараптан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев темир жолдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. 1 чакырым темир жол салынган, учурда төмөнкү жолдор салынып жатат. «Кыргыз темир жолу»  узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жумгал жана Кочкор райондорундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен да таанышып, курулушчуларга сапатка басым жасоо менен ишти тездетүүнү сунуштады.