Балыкчы шаарынын мэри болуп Арнабек уулу Азамат дайындалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган мэриядан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Балыкчы шаарын Бакыт Шаршеев жетектеп келген. Депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы шаарынын мэрин 1 жумадан бери таппай жатканын айткандан кийин ал кызматынан бошотулган.