«Бандитпи же депутатпы дарыгерге айырмасы жок». Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын сынына жооп берди

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «черный хирург» деген каймана аты бар экенин айтып, аны уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар экенин билдирди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Алымкадыр Бейшеналиев анын дарегине айтылган сөздөр боюнча комментарий берди.

Ал депутаттын «Уюшкан кылмышуу топтун ок тийген балдарын алып барып, операция кылып жүргөн. Бул министрдин түздөн-түз уюшкан кылмышуу топко тиешеси бар. Балдарга жашыруун түрдө операция кылып жүргөн киши министр болуп отурат. Уят» деп айтканына төмөндөгүдөй жооп берди.

«Депутат тааныштарын директор жана башкы дарыгерликке коюуну суранган. Бирок алардын билими туура келбегендиктен, иштей албайт деп койгон эмесмин. Ошондон улам мага жини келип жүрөт. 2000-жылдары мен Иса Ахунбаев атындагы клиникада жетекчи болуп иштедим. Ал учурда №47 колонияда жаракат алгандарга консультация кылып, операция жасачубуз. Мен Гиппократтын антын бергем. Мага ал түрмөдө отурган жаранбы, бандитпи же депутатпы айырмасы жок. Жаракат алып келген ар бир кишиге медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Азыр деле дарыгерлер түрмөдөгү адамдарга операция жасашат. Анда ар бирине ошентип каймана ат коюшубуз керекпи?» — деди министр.

Ал ошондой эле «Түркия дарыланууга квота берген экен. Тааныш-билиш, туугандарынын кийлигишүүсү менен бөлүнүп жатыптыр» деген айыптоосуна да жооп берди.

«Түркия 2020-жылдан бери квота бербей калган. Бул пандемияга байланыштуу. Акыркы жолу Кыргызстан Бишкек ЖЭБи менен тик учак кырсыгынан жабыркагандарды Түркиядагы клиникага дарылатууга жөнөткөнбүз. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болгон. Мен Түркиянын саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, жардам сурагам. 4 кишини жөнөттүк»,- деди ал.

«Президенттин 1 жыл башын айлантты. Эми жалпы кыргыз элинин башын айлантып өлүм көбөйүп кетти» дегенине статистика менен бөлүшө турганын айтып. Акыркы 1 жылда тескерисинче адам өлүмү азайганын билдирди. «Акыркы 1 жылдын статистикасы боюнча адам өлүмү азайды. Эне менен ымыркайлардын өлүмү болуп турат. Буга себеп көп. Биз консилиум кылабыз. Учурда Орусия жана Казакстан өлкөлөрү менен эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча иштерди жүргүзүү боюнча сүйлөшүп жатабыз»,- деди Бейшеналиев.