Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн президент тарабынан сунушталган талапкерлерди жактырды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев талапкерлер тууралуу маалымат берди. Эльмира Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды. Ал эми Бакыт Кыдыралиева Конституциялык соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Жылдыз Курманалиева, Райимберди Дуйшенбиев, Азамат Исираилов сот тутумунда бирдиктүү укук колдонуу практикасын иштеп чыгып, ишке киргизүү жана биринчи инстанциядагы соттордун катчыларынын эмгек акысын жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.