Баш мыйзамга 30 жыл: Садыр Жапаровдун колунан кимдер сыйлык алды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү:

— Кыргыз Республикасынын конституциялык негиздерин реформалоого кошкон олуттуу салымы жана үзүрлүү мыйзам жаратуу ишмери үчүн президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин укук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Укушов Мурат Каниметович III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды;

Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана конституциялык контролду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы ыйгарылды:

Конституциялык соттун төрагасынын орун басары — Дуйшеев Карыбек Арстанбековичке;

Конституциялык соттун судьясы — Жумабаев Латип Пазыловичке.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Конституциялык соттун судьясы — Бобукеева Меергул Рыскулбековна сыйланды.