Баш мыйзамга 10-ирет өзгөртүү киргизилет

Парламенттик жана президенттик шайлоо жаз мезгилине калтырылып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгени жатат. Так жана таамай маалымат азырынча белгисиз болгону менен парламенттеги сөздөр ушундай багытта өнүгүүдө. Жогорку Кеңешке конституциялык реформанын мөөнөтүн жана парламенттик шайлоонун жаңы күнүн белгилеген мыйзам долбоору келип түшкөнү да айтылды.

Кечээ, 21-октябрда Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзам долбоору тууралуу эмес, мамлекеттик башкаруу ыкмасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү сунушу көбүрөөк көтөрүлгөн эле. Конституциянын атасы атыккан Өмүрбек Текебаев буга байланыштуу “эгерде шайлоо Баш мыйзамда жазылган мөөнөттө өткөрүлбөсө, анда президентке жүгүнгөн парламент пайда болот” деген. Депутат Талант Мамытов дал ушул Текебаевдин Конституциясынан улам өлкө бүгүнкү кырдаалга келгенин, баш мыйзам элдин талабына жооп бербегени үчүн толкундоолор болуп жатканын айткан.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Би-Би-Синин Кыргыз кызматына берген маегинде да парламентке Конституциянын жаңы долбоору жөнөтүлөрүн билдирген. Анын айтымында, долбоорду парламент бир ай ичинде карап, кийин коомчулуктун талкуусуна алып чыгат.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. 27 жыл ичинде Конституцияга 10го жакын өзгөртүүлөр киргизилип, алардын дээрлик баары ошол кездеги президенттин, бийликтин таасирин күчөтүүнү көздөгөн. Соңку референдум 2016-жылдын декабрь айында өтүп, анда премьер-министрдин бийлиги кагаз жүзүндө бекемделген болчу. Бул жолку Баш мыйзамдын жаңы көйнөгү кандай болору жакынкы убакыттын талаш чордонуна айланары бышык.