Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулаган кеңешме ишин баштады

Бүгүн, 20-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын имаратында Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө. Анда Конституциялык кеңешмени түзүү тууралуу жарлыкка өлкө башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону айтылды.

Алгач өтүп жаткан жыйынды президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов ачып, сөз сүйлөдү.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун  Бөрүбашев шайланып, жыйынды алып барууда. Кеңешменин төрага орун басары болуп, депутат Канат Керезбеков иш алып  барат. Кеңешме мүчөлөрү 85 кишиден туруп, анын 35и илимпоздор.

Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамында  илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар бар. Алар секциялык шартта иш алып барышат.

«Конституция — бул мамлекеттик башкаруунун модели. Жашоонун эрежеси. Ошондуктан башкаруунун кайсы формасы бизге ылайык?» деген суроолор талданып жатат.

Кеңешменин бүгүнкү биринчи жыйынында анын төрагасы, профессор Бекбосун Бөрүбашев: «Бизде башкаруунун 4 тепкичтүү түрү бар экендиги талашсыз. Конституция — эл бийлиги. Демократия болуусу үчүн эл жетиштүү жашоого тийиш. Азыркы долбоор боюнча чынын айтуу керек, биз президенттик башкарууга бара жатабыз», — деди.