«Башаламандык болуп кетиши мүмкүн». Атамбаевдин туулган күнүнө карата митинг болбой турган болду

«Буга чейин 17-сентябрда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата «Форумда» митинг өтөрү боюнча сөз болгон. Уюштуруу комитетин түзүп, чогулуш өткөргөнбүз. Кечээ да уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында митингди токтотуу боюнча чечимге келдик». Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал эмне үчүн митингди токтоткондорун төмөнгүчө түшүндүрдү. «Митингге катыша турган адамдар көп боло башташты. Жарандар талап бир болсун, саясий туткундарды бошотолу деген талап менен чогуу чыгалы дешкенден кийин, мен сунуш киргиздим. Муну токтотуу керек экенин айттым. Анткени башка адамдар болгондой кийин, башка кадамдар болот. Башка тараптар болгондон кийин, башка талаптар болот. Анан алардан башаламандык болуп кетиши мүмкүн. Көп киши топтолгон жерде, «жүргүлө абакка баралы, УКМКга баралы» деген адамдар болсо, ким кепилдик берет аларды токтотуп калууга. Бул шайлоонун алдындагы туруктуулукту чайпалтып коёт. Анан ошого уюштуруучулары катары жоопкерчиликти биз алып калабыз. Азыр добуш топтой турган мезгил», — деди ал.

Эл өкүлү анын ордуна саясий эмес, маданий иш-чара өткөрүлө турганын айтты. Иш-чараны саясатчынын жакындары уюштурат.