«Башка кызматка сунуш түштү». Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин жыйынына келди

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук Банктын төрагалык кызматынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгулов келди.

Буга чейин бир нече депутат анын жыйынга келип, кызматтан кетип жаткандыгынын себебин айтуусун суранышкан эле. Депутат Таабалды Тиллаев Абдыгуловдон кызматтан эмнеге кетип жаткандыгын сурады. Ошол учурда төрага баяндама даярдап келгенин айтты. Ал баяндама окуп бүтүп, кызматтан кетишине президент тарабынан башка кызматка сунуш түшкөндүгү себеп болгонун билдирди.