Эльвира Сурабалдиева: «Матраимов берген батир үйлөр сатылып, каражат бюджетке түшүшү керек»

Райымбек Матраимовдун конфискацияланган батирлери сатылып, каражат бюджетке түшүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттун чечими менен гана батирлерди баланска кабыл алат, ошондуктан аларды аукцион аркылуу сатып, республикалык бюджетке каражат түшүрүү керек.
«Башка мыйзамдуу варианттар жок. Мен вице-премьер-министр катары башка токтомго кол коё албайм», — деп жазган ал.

Кечээ, 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген чыгымды төлөө үчүн накталай акчадан тышкары мамлекетке тогуз батирди жана бир соода борборун өткөрүп бергенин айткан. Турак-жай буга чейин атайын кызматтын кызматкерлерине бөлүштүрүлүп берилген.