Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берди

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берди. Бул тууралуу парламенттин спикери Нурлан Шакиев билдирди.

«Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизди. Регламентке ылайык, сунушту регламентке коюп, атайын комиссия түзүү үчүн күн тартибине коём», — деди ал.

Күн тартибине коюу боюнча сунуш добуш берүүгө коюлду. Кийин комиссия түзүлөт. Буга 46 депутат «макул», 2 депутат «каршы» болду.