Фарид Ниязов боюнча жактоочунун өтүнүчү баш прокурорго жете элек

Башкы прокуратура Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кечиктирилгис чара көрүшү керек. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошев Сереп Медиа агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 26-март күнү Башкы прокуратурага барып, кайрылуусун өз колу менен тапшырып келди. Эми мекеме 14 күндөн кечиктирбей жооп бериши керек.

«Бирок бул 14 күнгө чейин чоюп отурчу маселе эмес. Фарид Ниязовдун ден соолугунун абалы оор болуп турат. Мына бүгүн мурунку саламаттык сактоо министри Космос Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Анын ден соолугунун абалы Фарид Ниязовдукунан жаман деп айта албайм. Анын абалы боюнча дарыгерлер консилиум кылган эмес»,деди Жоошев.

Сереп Медиа агенттиги бул кайрылууга кандай жооп болорун билүү үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы менен байланышты.

«Биздин канцеляриядан Фарид Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошевдин кайрылуусун таппай койдук.  Акыйкатчы институтунун дагы кайрылуусу жок»,- дешти мекемеден.