Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды.

Депутат Медер Алиевдин айтымында, документ бүгүн, 10-февралда келип түшкөн.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Медербек Алиев бул маселени кароо жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн 15 мүнөттүк танапис берүүнү суранды.