«Мен кетем нах*й»: Интернетке тараган аудиодо Жээнбеков менен сүйлөшкөн адам Зулушев эмес…

Бүгүн, 5-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда маалымат жыйыны өттү.

Анда журналисттердин бири октябрдагы окуяларда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү интернетке тараганын, ал белгисиз адам Зулушев деп айтылып жүргөнүн айтып, анын чын-төгүнүн бышыктоо үчүн башкы прокурордун өзүнөн сурады.

«Депутат менен сүйлөшкөндүгү чындыгында чыккан. Бирок ал мен эмес. Биринчи күнү эле Зулушев менен сүйлөшкөн деп чыккан. А кийин баарына эле ким экендиги белгилүү болгон. Эми мен ал саясатчынын фамилиясын атабайын. Интернетте бар, кайрадан уксаңыздар, ким экенин билесиздер. Ал депутат», — деди башкы прокурор.

Ал бул факты боюнча кылмыш иши козголбогонун билдирди.

Өткөн жылдын октябрь айында орун алган элдик толкундоолордо Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүүсү түркүн амалдарга түшкөнү маалым. Ошол кезде интернетке Жээнбековго таандык делген аудио ролик тарап кетип, анын үнүнө окшош адамдын «мен кетем нах*й» деп белгисиз бирөөгө сөгүнүп сүйлөгөнү кызуу талкууга алынган.