Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органдан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда анын ордуна ким дайындалары тууралуу маселе чечилүүдө.
Сыймык Жапыкеев прокурорлук кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган. Ал муну ден соолугуна көбүрөөк көңүл бөлүү максаты менен түшүндүргөн.
Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин Финансы полициясынын төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын 5-мартында өкмөт Финполду «өз милдеттерин аткарбай, жазалоочу органга айланып калды» деген кине менен жоюп таштаган. Кийин президенттин буйругу менен Сыймык Жапыкеевге «Финансы полициясынын генерал-майору» наамы ыйгарылган. 30-мартта баш прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Ысык-Көл облусуна прокурорлук кызматка барган.








