Башкы прокурор Курманкул Зулушев: «Сооронбай Жээнбеков сотко барышы керек»

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков сотко күбө катары чакырылган болсо, сөзсүз түрдө барышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, ал сотко күбө катары чакырылып жатат. Эгер аны жоопко тартуу иши болсо, анда ал башка маселе болмок.

Жээнбековдун сотко күбө катары чакырылышы зарыл талап болсо барышы керек. Көрсөтмө бериши керек. Эч кимдин күбө катары сотко барбай койгонго укугу жок.

Эгер жоопко тартуу иши болсо, анда ал башка маселе. Берилген күбө менен бирөөнүн кылмыш ишине чекит коюлса, ал чыныгы инсан катары барышы керек”, — деди Курманкул Зулушев.