Башкы прокурордун орун басарлары алмашып, ордуна жаңы кызматкерлер дайындалды

Башкы прокурордун орун басарлары алмашып, ордуна жаңы кызматкерлер дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Маалым болгондой, башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дарданов жана башкы прокурордун орун басары Нурлан Дюшембиев кызматтан алынган. Азырынча кызматтан алуунун себеби белгисиз.

Ал эми тийиштүү буйрукка ылайык, Нуркамал Набиев башкы прокурордун биринчи орун басары, ал эми Турусбек Ишеналиев менен Абай Молдокматов жаңы орун басарлары болуп дайындалган. Ошондой эле, Сагындык Мукашов башкы прокурордун орун басары — Кыргыз Республикасынын аскер прокурору болуп дайындалган.