Башкы прокурорлукка Жамшитовдун ордуна Зулушев келгени жатат

Бүгүн, 21-октябрда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отставкага кетти. Буга улай эле парламент анын берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүн бир добуштан жактырды.

Ал эми Жамшитовдун ордуна башкы прокурорлукка Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнү жатат. Зулушевдин журналисттерге берген комментарийине ылайык, Башкы прокуратураны жетектөө боюнча оозеки сунуш ага президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өзүнөн түшкөн. “Башкы прокуратура мындан ары саясий мотив боюнча кылмыш иштерин козгобойт жана куугунтукка алуу менен алектенбейт. Мен коррупция жана криминалга каршы күрөшөм” деген Зулушев бир нече убада берүүгө жетишти.

Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор болуп 2018-жылдын апрель айында Индира Жолдубаеванын ордуна дайындалган болчу. Ал ушул жылдын 5-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу массалык нааразычылык акцияларынан кийин ишине чыкпай койгон. 16-октябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүүсүн кабыл алган парламенттик жыйынга келген болчу.