«Баткен аркылуу кумшекер, ун, өсүмдүк майы өтпөсүн». Ташиев жооптуу ар бир жетекчини ордунан тургузуп, катуу эскертти

Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинети антикризистик чаралар боюнча жыйын өткөрүп жатат. Анын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, УКМК жана Салык кызматы Баткенде жандуу калкан болушу керектигин айтты.

«Бажы кызматынын башчысы, ички иштер министри, УКМК жана Салык кызматынын жетекчиси, биргеликте Баткендин чек арасын карап чыккыла. Азыр ал жакка бардык азык-түлүктү насостой эле соруп кирип жатышат. Чек арадан азык-түлүктү өткөрбөө үчүн жандуу калкан болгула. Кумшекер, ун, өсүмдүк майынын бир килограммы да өтпөсүн. Бул бүгүн башкы тапшырма. Азыр коңшу өлкөлөрдө ун менен кумшекердин баасы Кыргызстанга караганда бир жарым эсеге жогору болуп жатат, өсүмдүк майы болсо аларда жок калды. Алар бизден азык-түлүктү алып чыкканы жатат», — деди Ташиев.