Баткен менен Фергана облустарынын башчылары жолукту

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу Баткен облусунун Кадамжай шаарында өткөн. Анда эки тарап Баткен жана Фергана облустарынын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды чыңдоо, эки элдин ынтымагын, карым-катнашын бекемдөө боюнча кызматташуу пландарын талкуулашкан.

Фергана облусунун делегациясы агрардык аймак катары саналган Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын Фергана облусуна экспорттоосуна кызыкдар экенин белгилешти. Өзгөчө Кадамжай районунан малина менен гиластын чоң көлөмүн алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтышты. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Аны менен катар эң негизгиси эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү максатында Баткен жана Фергана облустарында соода-экономикалык маселелер боюнча иш алып бара турган өкүлчүлүктөрдү ачуу макулдашылган.

Белгилей кетсек буга чейин 11-12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында расмий жолугушуп, кызматташуу боюнча 22 документ кабыл алышкан.