Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Баткен менен Согди облусунун башчылары биргелешкен протоколго кол коюшту

19:19 18.03.2021
0
Баткен менен Согди облусунун башчылары биргелешкен протоколго кол коюшту

Баткен-Согди облусунун башчылары кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гүлистон шаарында жолугушту.

Жетекчилер чек аралаш аймакта акыркы орун алган окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди аткарууга алуу жагын белгилешти. Бул жолугушууда Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.

Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту. Анда:

  • Буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууга алууну тийиштүү органдарга тапшыруу;
  • Баткен, Лейлек райондору менен Тажикстандын Исфара, Бабожон Гафуров райондорунун башчылары, чектеш айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, чек аралаш аймакта чыр-чатактардын алдын алуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү;
  • Чек аралаш аймакта орун алган маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү;
  • Терроризм, экстремизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, эл арасында аткезчиликке (контрабанда) бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу;
  • Суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү;
  • Жайыт жерлерин пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо;
  • Чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда массалык-маданий, спорттук иш-чараларды уюштуруу жагы белгиленди.

Облус башчылары пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылганы, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча бир пикирге келишти. Мындан улам Лейлек районундагы «Кулунду», «Кайрагач», Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү макулдашылды. Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик (контрабанда) аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынары, мыйзамсыз иш-аракеттерге катаал чара көрүлөрү айтылды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эркайым Асанканова

Эркайым Асанканова

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү