Баткен менен Согди облусунун башчылары биргелешкен протоколго кол коюшту

Баткен-Согди облусунун башчылары кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гүлистон шаарында жолугушту.

Жетекчилер чек аралаш аймакта акыркы орун алган окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди аткарууга алуу жагын белгилешти. Бул жолугушууда Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.

Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту. Анда:

Облус башчылары пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылганы, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча бир пикирге келишти. Мындан улам Лейлек районундагы «Кулунду», «Кайрагач», Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү макулдашылды. Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик (контрабанда) аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынары, мыйзамсыз иш-аракеттерге катаал чара көрүлөрү айтылды.