Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына кимдер кирди?

28-30-апрелде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Анын курамына киргендер:

— Премьер-министр, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

— 28-30-апрелде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү;

— Экономика жана финансы министринин биринчи орун басарлары;

— Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары;

—Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

— Ички иштер министринин биринчи орун басары;

— Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

— Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

— Коргоо министринин орун басары;

— Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары;

— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары;

— Билим берүү жана илим министринин орун басары;

— өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

— Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;

— Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.