Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча кезектеги кеңешме Баткен облусунда өтөт

Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын концепциясы жана түзүмүнүн долбоору каралды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешмесине Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, алар тараптан «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун алга жылдыру алкагында бир катар сунуштар киргизилди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына кыска мөөнөттө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ишти улантууга зарыл болгон маалыматты киргизүүсү тапшырылды. Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси Баткен облусунун аймагында өтөт.