Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча иштер уланууда

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар тууралуу 100 күндүк планын ишке ашыруу боюнча жыйында билдирди.

Билдирүүгө ылайык, пландын алкагында Баткенге өзгөчө макам берүү 2021-жылы 1-июнга пландалган. “Бирок негизги программага кирбей калган айрым курулуш иштерине байланыштуу белгиленген мөөнөттө аткарылбай калуу коркунучу бар, анткени иш комплексттүү болуп саналат”, — деди ал.

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Облустун чек ара кырдаалы оор болгондуктан, буга чейин да бир канча ирет өзгөчө макам берүү маселеси көтөрүлүп, муну менен көптөгөн жагдайды чечсе боло турганын айтышкан.