Баткен облусунун башчысынын орун басары да кызматтан кетти

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, анын кызматтан кетишине өзү жазган арыз негиз болгон.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин кызматтан кеткени маалым болгон. Ал кызматтан кетишин жаңы кызматка барары менен түшүндүрдү.