Баткенде Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны 22-февралда өтөт

Баткенде Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны 22-февралда өтөт. Бул тууралуу кечээ, 18-февралда Акылбек Жапаров билдирди. Ал анда облустун инфраструктурасынын абалы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маселелер караларын белгиледи.

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.