Баткенде Садыр Жапаров жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салды

«CASA-1000» долбоору бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде президенти Садыр Жапаров Баткен облусунун Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

«Долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем. Ушуга байланыштуу мен бардык мамлекеттик органдарды «CASA-1000» долбоорунун маанисине көңүл бурууга чакырам жана курулуш учурундагы көйгөйлүү маселерди өз убагында чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү суранам», — деп билдирди ал.

Президент ири кредиттик ресурстарды бергендиги үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычылыгын билдирди. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык майнаптуулук маселеси эң актуалдуу, курч маселелердин бири экенине токтолду.

«CASA-1000» долбоорун ишке ашырууну баштоодон сырткары, азыркы учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорду аяктоо «CASA-1000» долбоорунун алкагында электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелерди толугу менен аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, «CASA-1000» долбоору жай мезгилинде (майдан сентябрга чейин) электр кубатын экспорттоону ишке ашыру үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын курууну камтыйт. Долбоордун алкагында керектүү электр тармактар комплексин модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу пландаштырылууда.