«Баткендеги салынып жаткан үйлөр боюнча айта турган болсом, эл үчүн дагы, бул иштен тынымсыз кыйкым издеген журналисттер үчүн дагы абдан кызык болот. Ошондуктан менин иш башкаруучум Каныбек Туманбаевге жана “Аманат курулуш инвест” компаниясына эмнеге асылып жатышканы боюнча толук маалымат берейин», — деди президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип жатып.
«Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 миллион 500 миң сомдун тегерегинде курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы “Ар бир үйгө 5 миллион 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы” деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 миллион 300 миң сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула” деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 миллион 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 миллион 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар “Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат” деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты.
Алардын ортодон акча “жасап алуусуна” менин тапшырмам менен бөгөт коюлду. Каныбек – мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү. “Бир тыйын болсо да мамлекеттин акчасы үнөм болсун” деп турган кызматкерлердин бири.
Ал эми “Аманат курулуш инвест” компаниясы – Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания. Алардын болгон күнөөсү ушул, негиздөөчүлөрүнүн арасында 20 жаштагы бала бар экен. Бизге, мага десе негиздөөчүлөрү 18 жаштагы балдар болсун. Мамлекеттин акчасын үнөмдөп берсе болду. Ошондуктан бизге ЖМКларда массалык түрдө чабуул болуп жатканда “мамлекеттин миллиарддаган акчасын жедирбей, дагы кимдин оозунан жулуп алышты экен” деп экинчи жагын да ойлогонду унутпагыла. Биз азыр мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскерий жана башка техникалар сатылып алынып жатат. Мектеп, бала бакча, асфальт жолдор, темир жолдор салынууда. Ипотека аркылуу үйлөр курулууда. ГЭСтер, завод-фабрикалар курула баштады.
Дагы бир кызык нерсени айтайын. Өлкөдөгү бардык аэропортторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ички аба каттамдарды жандандыралы деп 2021-жылы аэропорт жетекчисине тапшырма берген элем. Бир күнү эмне болуп атат тактайынчы деп сурап калдым. “Эртең тендердин акыркы күнү, тендер жарыялаганбыз” деп маалымат берди. “Токтоп тур, кайсы суммага жарыя кылдыңар эле. Сметасын алып келчи мага” деп териштирип көрсөм, бир эле Караколдун аэропортун оңдоо ишине каралган каражаттан 10 миллион долларга жакын сумма ашыкча болуп чыкты. Дароо тендерди токтотуп калдык. Эгер тендер өтүп кеткенде чет өлкөлүк компания утуп алса, азыр соттошуп жүрмөкпүз. “Тендерден утуп алдым эле мага курулуш иштерин бербей жатат” деп чыгышмак алар. Бул жерден да саналуу жегичтердин оозунан олчойгон сумманы жулуп алдык. Азыр өзүбүз куруп жатабыз. 10 миллион доллар мамлекеттин акчасын сактап калдык. Мына ушинтип эле ушундай иштер менен 30 жылдан бери мамлекетти 5 миллиард долларга карыз кылып коюшкан тура.
Дагы бир эң кызык нерсе. “Менин үйүм – 2021-2026” программабыз бар. Максат – жарандарыбызды 20-25 жылдык ипотекалык үйлөр менен камсыз кылуу. Эки жылдан бери бюджеттен акча бөлүп келебиз. Мамлекеттик ипотекалык компания болсо ал акчага кезекте тургандарга рыноктон бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жаткан экен. Аны да дароо токтотуп, азыр эми үйлөрдү өзүбүз тездик менен куруп баштадык. Ошондо бир чарчы 750 эмес, 550дөн айланат экен. Бул батир алып жаткан жарандарыбызга дагы эң чоң жардам. Ар бир чарчы метрин 200 доллардан арзан алган болот. Ушинтип 2026-жылга чейин 50-60 миң үй-бүлөгө батир бергенге үлгүрөбүз деген планыбыз бар», — деди ал.