Баткендик жана таластык бай жигиттер барбы? Садыр Жапаров жол оңдоого демөөрчү карап жатат

«Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

«Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз», — деди президент (күлүп).

Ал Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөө жана асфальттоо Жумабек Салымбековдун “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом жана Сергей Ибрагимовдун “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сомдук демөөрчүлүгү менен жасалып жатканын билдирди.