Баткендин экс-губернатору: «УКМКнын иши биздин кемпирлерге кылмыш ишин ачуу эмес, коопсуздукту камсыздоо»

УКМК олигархтардан акча кустуруу менен эмес, коопсуздукту камсыздоо, чалгындоо иштери менен алек болушу керек. Мындай оюн Баткен облусунун мурунку жетекчиси Султанбай Айжигитов «Марал» радиосуна берген маегинде журналисттин «Тажик тарап бул чырга бир ай мурун даярданган деген сөзгө ишенесизби?» деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Бул суроону атайын кызматка бериш керек. УКМКнын иши олигархтарды кустуруу, же өзүбүздүн жарандык активисттерди кысуу, биздин кемпирлерге кылмыш ишин ачуу эмес, коопсуздук жаатында иш алып баруу, чалгындап, мындай окуялардын алдын алуу болчу. Ал жерде даярдык болуп жатканын билиш үчүн орустар айткандай «К бабке ходить не надо». Тажиктер бир айдан кем эмес, же андан да көп убакыт даярданышкан. Биздин атайын кызмат ал жерде эшек такалап жүрөбү? Бүтүндөй башкармалыгы бар, агентуралык түйүндөрү бар. Эмне иш кылып жүрдү ошол жерде? Алар мындай болору тууралуу алдын ала билип, ошого жараша иш кылыш керек эле да. 

Элдин нааразы болуп, курал сурап жатканы дагы жөндүү. «Силер чече албасаңар, биз өзүбүз чечебиз деп жатышпайбы. Элдин баатырлыгына тан бериш керек, сабырдуулугуна тан бериш керек», — дейт экс-аткаминер.