Базар-Коргондун Кара-Ой айылындагы авариялык мектептин ордуна жаңы имарат курулат

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон шаарында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак жалпы орто билим берүүчү мектебинин абалы менен таанышты.

Аталган мектептин 350 орунга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу 2015-жылы пайдаланууга берилген. Бирок жатаканасынын бир имараты 1960-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Окуучулардын саны көп болгондуктан кошумча окуу корпусун жана жаңы жатакана имаратын куруу зарыл. Түзүлгөн шарттын начардыгына карабай, окуучулары предметтик олимпиадаларда ийгилик жаратып келе жатышканын айткан мугалимдер жаңы имарат куруу маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Жатак мектептеги жагдай менен таанышып, мугалимдер менен баарлашкан Нурланбек Шакиев айтылган сунуштар эске алынарын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге кийинки жылдын планына киргизүү тапшырмасын берди.

Андан соң төрага Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылына курула турган №41 Жусубали уулу Жолдош атындагы мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Аталган мектептин колдонуудагы имараты ашар жолу менен курулуп 1989-жылы ишке берилген. 90 орунга ылайыкталган мектепте азыр 120 окуучу билим алат. Эскилиги жетип, авариялык абалда экенине байланыштуу жаңы мектеп куруу пландалууда. Бул үчүн республикалык бюджеттен 139 миллион сом каралып, 112 миллион сомдук сунуш менен тендерден уткан компания курулуш ишин баштады. Муктаждыкты эске алып, кийинки окуу жылына чейин заманбап мектепти сапаттуу бүткөрүү талабын койгон төрага жаңы мектеп куттуу билим уясына айлансын деген тилегин билдирди.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы Көк-Тоңду айылындагы №15 Жумалы атындагы орто мектебинин абалы менен таанышып, андагы иштеген мугалимдер жана айыл тургундары менен жолугушту. Соңунда мектептин алдындагы аянтчага арчанын көчөттөрүн отургузуу аземи өттү.