Бекешев: «Акаев аппак, а Атамбаев баарына күнөөлүү. Дал ушундай кылып тарыхты бурмалагысы келип жатышат»

«Акаев аппак, а Атамбаев баарына күнөөлүү. Дал ушундай кылып тарыхты бурмалагысы келип жатышат». Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

«2005-жылдын 24-март күнү эл Акаевдин үй-бүлөсүн кубалоо, авторитаризмди токтотуу жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууну жоюу үчүн чыгышкан. Акаевдер 15 жыл бою өлкөнү башкарып, коррупцияны гүлдөтүп, мамлекеттик мүлктү болбогон тыйынга менчиктештирип, аксылыктарды атуу чечимин кабыл алып, Кумтөрдү сатып, ушунун баарынын жыйынтыгында — 17 жылдан кийин Аскар Акаев эч нерсеге күнөөлүү эмес болуп чыгып жатат. 24-марттын окуясы бир адамдын чечими менен чийилип кетти десе да болот, бирок андай эмес. Бул окуя дайыма бийликке эл адилетсиз башкарууга каршы чыгат дегендей коңгуроо болуп кагылып турушу керек. Акаев аппак, а Атамбаев баарына күнөөлүү. Дал ушундай кылып тарыхты бурмалагысы келип жатышат», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.