Бекешев: «БШКнын Нарматованын депутаттык мандатын жокко чыгарганы — мыйзамсыз»

«БШКнын Орозайым Нарматованын депутаттык мандатын жокко чыгарганы — мыйзамсыз». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын 79-беренесинин 2-бөлүгүндө эмненин негизинде депутат мандаттан ажыратыла тургандыгы жазылган. «Ал талапкер эмес, ал депутат. Эгерде укук коргоо органдарына анын жасалма диплому жакпай жатса, анда кылмыш ишин козгоп, кол тийбестик макамынан ажыратуу тууралуу сураныч аркылуу болушу керек эле. Азыр болсо, мыйзамсыз жол тандалып алынды», — дейт Бекешев.

Депутат «диплом бар болушу керек деген талап эмне берет?» деген суроону ортого салат. «Азыркы убакта ал эч нерсе бербейт. Менин штабымда ЖОЖду аяктай элек, бирок компьютерди билгени, тилди билгени боюнча көптөгөн аткаминерлерден бир топ өйдө жаш балдар иштеди. Бул талапты жокко чыгаруу керек. Ал эми Орозайым Нарматовага сотко барууга, БШКнын чечиминин үстүнөн арыз жазууга кеңеш берем», — дейт Бекешев.

Кечээ, 20-январда БШК Орозайым Нарматованын депутаттык мандатын жокко чыгарган чечим кабыл алды. Ал ага чейин УКМКга дипломуна байланыштуу суракка кирип чыккан эле.