Бекешев: «Депутаттар педофилдерди өлүм жазасына тартуу үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатат»

61 депутат президентке педофилдерди өлүм жазасына тартуу ыкмасын киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жазып чыкты.

Анын айтымында, жакында тиешелүү токтом долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин кароосуна кирет.