Бекешев: «Журналисттердин жеке жашоосунун видеосун жарыялаган деңгээлге түшпөсөк. УКМК уят болуп жатат»

«Журналисттердин жеке жашоосунун видеосун жарыялаган деңгээлге түшпөсөк. УКМК уят болуп жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 26-январда жыйында билдирди.

«Журналисттер иликтөө кылганда аларга туура жооп берүү керек. Маалымат жыйын бериппи же маалымат таратуу жолу мененби?.. Бирок журналисттерге кысым көрсөтүп, алардын жеке жашоосун видеого тартып, аны чыгарып, биз ошол деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат», — деди депутат.