Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына мүлктү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдын долбооруна добуш берген депутаттардын тизмесин жарыялады.
Жарыяланган таблицадан 64 депутаттын «макул», 8 депутат «каршы», катышпагандар 18 депутат экенин көрүүгө болот.
Каршы болгондор:
- Аида Исатбек кызы;
- Гүлкан Молдобекова;
- Нилуфар Алимжанова;
- Жанар Акаев;
- Азамат Исираилов;
- Жалолидин Нурбаев;
- Сеидбек Атамбаев;
- Дастан Бекешев.