Бекешев жаңы коалиция түзүү керектигин айтты

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы керек болсо шайтанга да кызмат кылууга даяр. Мындай пикирди депутат Дастан Бекешев бүгүн жыйында билдирди. Анын айтымында, коалиция 2016-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Ошол эле коалиция ал мезгилде Алмазбек Атамбаевди колдоп, кийин аны экс-президенттик макамдан ажыраткан.

“Октябрь айындагы окуялардан кийин баары ашмалтай болуп калды. Ошол эле коалиция азыркы бийликти колдоп жатат. Ким билсин, эртең Сооронбай Жээнбековду жамандай баштагыла дешсе, коалиция аны деле кылат. Биз баарына, керек болсо, шайтанга да кызмат кылууга даярбыз. Коалицияга кирген депутаттардын дээрлик баарынын пикирлери ар башка. Бири жаңы Баш мыйзамга каршы болсо, экинчиси Конституциянын жаңы долбоорун колдоп жатат. Башка маселелер боюнча деле ушундай… Бизге коалициянын кереги барбы өзү?” – деп суроо салды Бекешев.

Андан ары депутат эл да коалицияда кайсы фракциялар, оппозицияда кайсы фракциялар экенин түшүнбөй калганын айтты. Мындан улам, Бекешев жаңы көпчүлүк коалициясын куроону сунуштады. Учурда КСДП, “Республика-Ата журт”, “Кыргызстан” жана “Бир бол” коалицияны түзөт. “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата мекен” фракциялары болсо оппозицияда экени маалым.