Бектур Асанов: «Атамбаевдин шантажынан коркуп, аны абактан чыгарып жатышат»

«Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде саясатчы Бектур Асанов «Атамбаев учурда бийликте отургандарга маселе жаратты» деген пикирин билдирди.

«Каалайбызбы, каалабайбызбы, моюнга алыш керек, Алмазбек Атамбаев ириде саясатчы. Ал түрмөдө туруп алып буларга кандай маселе түзүп койду?.. Булар анын шантажына макул болуп, абактан чыгарып жатышат. Атамбаевден коркуп кеттиби, же анын эртеңки шайлоодо жардамы керекпи… мунун баарын жакында эле билебиз»,- дейт Бектур Асанов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберди. Учурда Атамбаевдин сот иштери боюнча абалы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун абалына окшош. Жактоочулары сотко өтүнүч киргизип, аны үй камагына чыгарууга аракет кылып жатышат.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.