Бектур Асанов: «Кумтөрдө президенттин 2 тонна алтын үлүшү бар дешет»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө учурда коомчулукта көп талкууга алынган кызыктуу, белгилүү саясатчылар конок болушууда. Алардын катарында саясатчы Бектур Асанов болду.

Өз маегинде Бектур Асанов коомчулукта көп талкууланган «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу темасына да кайрылды. Буга чейин саясий күрөшүндө «Кумтөр» боюнча келишимди денонсациялоо керектигин ураан кылып келген Садыр Жапаров бийлик башына келгенде ал оюнан кайтып кетти. Эмне үчүн? Бул суроого Бектур Асанов кызыктуу пикирин билдирди: «Ачыгын айтыш керек, «Кумтөрдө» президенттин үлүшү бар, 2 тонна алтын дешет. Мен ушуга ишенем… Атамбаевдин тушунда 2 тонна алтынды алып чыгып кетти деп Садыр Жапаров өзү айтып жүрөт».

Бектур Асановдун «Саясий коктейлдеги» маегин шилтеме аркылуу көрө аласыз.