Бектур Асанов: «Мекеним Кыргызстан», «Биримдиктин» анабашылары Садыр Жапаровдун штабдарын иштетип жатышат»

«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө келип маек берген саясатчы, Жалал-Абад облусунун мурдагы гудернатору, Жогорку Кеңештин 2-чакырылышынын депутаты Бектур Асанов учурдагы бийлик башындагылар Жээнбековдук команда менен тил табышып кетти деген пикирде.

«Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын анабашылары бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун штабдарын иштетип жатышат. Бул тууралуу бүт коомчулук айтып, жазып жатат»,- дейт ал. Саясатчы сөзүнө мисал катары Азамат Арапбаев менен Улан Примовдун аттарын атады. Эске салсак, бул эки депутат 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмесинде катышкан.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.