Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Бектур Асанов ачкачылыгын токтотту. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. “Мен 27-ноябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганмын. Эки суткадан кийин достор, коллегалар, санаалаштар келип суранышканына байланыштуу ачкачылыкты токтоттум”, — деп жазган Асанов.
Саясатчы ачкачылык акциясын президенттик шайлоого катыша албай калганы үчүн баштаган эле. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы соттуулугу жоюла электигине байланыштуу Бектур Асановго документтерин кайтарган.